Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 19-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Бах, Космическая, Волков көчөлөрүндө, Токтаналиев Алиаскар көчөсүндөгү №30-көп кабаттуу үйдө жана Арча-Бешик (Бердиев, Кызыл-Адыр, Термечиков көчөлөрү) конушунда №356, 2115-трансформаторлорун оңдоо иштерине байланыштуу жарык өчөт.

Ошондой эле Будённый, Жибек Жолу, Ахматбек Сүйүнбаев, Токтогул, Ахунбаев, Матросов, Бектенов, Скрябин, 9-Январь, Дэн Сяопин, Брестский, Кустанайский, Волков, Владимирск, Садыгалиев, Виноградная, Лущихин, Амосов, Троицк, Патрис Лумумба, Очаковский, Ильменский көчөлөрүнө, Ясеньский, Сумской, Фруктовый тар көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

Мындан сырткары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Степное, Кашка-Суу, Воронцовка, Малиновка, Беш-Күнгөй (Сарыбагыш, Матросов, Садовая), Аламүдүн (Панфилов, Алматы, Зелёная, Чапаев, Гидростроительная, Набережная, Горький, Чугуев, Чернышевский, Гоголь, Кавказский Тупик, Школьная, Логвиненко көчөлөрүндө, Кыргызстан жаңы конушу), Ленин, Мыкан айылдарында электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан