Бүгүн, 18-ноябрда шаардагы №11-жатак-мектебинде “Китепкана – илим-билимдин жана руханий дүйнөнүн очогу” аттуу семинар өттү. Ага шаардагы мектеп китепкана жетекчилеринин баары катышып, учурдун көйгөйлүү маселесине айланган окуучулардын китеп окууга кызыкпай калгандыгын талкуулашты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, семинардын уюштуруучулары окуучулар мындай турсун, китепкана жетекчилеринин окуу китептеринен, адабий чыгармалардан маалыматы бар-жогун билүү максатында белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан суроо узатышты. Тажрыйбалуу китепканачылар туура жооп беришип, "эгер өзүбүз китеп менен тааныш болбосок, окурмандарга сунуштай албайбыз" дешти. Жыйындын экинчи этабында чогулгандар аталган жатак-мектептин китепканасы менен таанышып, окурмандар үчүн заманбап шарттар түзүлгөндүгүнө күбө болушту. "Ар бирибиз ушундай шарт түзө алсак, окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусу күчөйт эле" деген ойлорун билдиришти. Соңунда окуучулар тарабынан даярдалган Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган чакан концерттик программа тартууланды.