Ички иштер министрлиги мамлекеттик мекемелерде коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө

Ички иштер министрлигинин 5-Башкы башкармалыгы мамлекеттик мекемелерде коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 17-ноябрда аталган башкармалык КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу менен билим берүү тармагында системдик коррупцияны жоюу боюнча пландын аткарылышын талкуулады. 5-Башкы башкармалык аталган министрликтин статс-катчысы К.Шадыхановго быйыл республиканын билим берүү системинин кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Билим берүү жана министрлигинин жетекчи бөлүмдөрүнүн башчыларын жоопкерчиликке тартуу маселеси көтөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан