Борбордо Акыйкатчы институту балдар үчүн тынымсыз байланыш номерин ачат

Акыйкатчы институту Кыргызстанда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзамдуу коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулукту эскертүү максатында телефон байланышын ачууну демилгелөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган механизм зордук-зомбулукка кабылган, түзөтүү мекемелериндеги балдар, балдардын ата-энелери же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле мындай зомбулуктардын күбөсү болгондор жардамга кайрылууга жана кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы №527-жобосунун кабыл алынганы тууралуу токтом чыккан. Бул документ “115” кыска номерин КР Акыйкатчы аппаратына жиберүүнү жана бул номерди КР эксперттик ыкчам кызматтарынын тизмесине киргизүүнү регламенттейт. 

Бул долбоордун мөөнөтү 3 жылга деп белгиленген, бирок номер шашылыш ыкчам кызмат макамын алгандан кийин келечекте балдардын укугун коргоо механизмдерин күчөтүү боюнча ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан