Кадамжай районунда көмүрдүн тоннасы 6 миң сомдон 12 миң сомго чейинки баада сатылып жатат

Баткен облусунун Кадамжай районундагы базарларда БК үлгүсүндөгү көмүрдүн тоннасы ноябрь айына карата көрсөткүчтө 6 миң сомдон 12 миң сомго чейинки баада сатылып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.  

Кадамжай районунда сатылып жаткан көмүрдүн баасы:  

"Кадамжай" борбордук базары: Алай көмүрүнүн тоннасы - 7-7,5 миң сом, Кызыл-Кыя көмүрү - 6,5 миң сом, Сүлүктү көмүрү – 10-10,5 миң сом.

Халмион, “Баяман баатыр” базары:  Алай көмүрүнүн тоннасы - 7,5 миң сом, Кызыл-Кыя көмүрү – 7 миң сом, Сүлүктү көмүрү – 10-12 миң сом.

Айдаркен шаары: Алай көмүрүнүн тоннасы – 7 миң сом, Кызыл-Кыя көмүрү – 6,8-7 миң сом, Сүлүктү көмүрү – 10-11 миң сом.

Ак-Турпак айылы, “Торговый” базары: Алай көмүрү – 7,5 миң сом, Кызыл-Кыя көмүрү – 6,8-7 миң сом, Сүлүктү көмүрү – 10-12 миң сом.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrza80
2014-11-19 18:28:05
Кадамжай районунда жылыга эле ошондой сатылат же жалан эле байлар жашайбы?.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан