Алдын ала болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жер титирөө 90 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келген. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда чыгымдарды эсептөөлөр уланууда. Ал эми социалдык объектилерге келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатат.
Эскерте кетсек, мыйзамда 4-даражада жабыркаган турак жай ээлерине 200 миң сомдон узак мөөнөттүү ссуда берүү, ал эми 3-даражада жабыркаган турак жай ээлерине капиталдык оңдоо иштерин өткөрүү үчүн 10 миң сомдон ссуда берүү каралган.