19-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 969 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27,9 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 206 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 188 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 609 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 596 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 19-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 212 миллион метр кубду түзгөн.