Бишкек шаарындагы Улуттук китепкана желдетүү, аба алмаштыруу жана жылытуу системин оңдоп-түзөө боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.
Тендер 2 лоттон туруп, биринчи лотто китепкананын желдетүү жана аба алмаштыруу системи кайрадан калыбына келтирилип, андан соң жылытуу системи оңдолуп-түзөлмөкчү.
Тендердик өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2014-жылдын 5-декабрында аяктайт.