Министрдин "милиционер куралчан кылмышкерди аткылап сала алат" дегени Ысык-Көлдө талкуу жаратты

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин "эми милиция кызматкери куралчан кылмышкерди аткылап сала алат" деген сөзү Ысык-Көл облусунун коомчулугунун арасында талкуу жаратты. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эмилбек Салиев жарандар менен болгон жолугушуусунда министрдин айткан сөзү боюнча түшүндүрмө берген. "М.Турганбаев "Кыргыз Республикасынын ички иштер түзүмдөрү жөнүндө" мыйзамына таянып билдирүү жасаган. Анын 15-беренесине ылайык, милиция кызматкери куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды же кылмыш кылып жаткандарды, камактан качкандарды кармоо үчүн, ошондой эле куралын таштоо жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн эскертүүсүз курал колдонууга укуктуу",- деди Салиев.
Мындан тышкары ал ИИМдин башчысынын билдирүүсү жарандарды кылмыштуулуктан коргоо максатында айтылганын баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Looks
2014-11-19 20:07:51
Колдоймун. Туура кылат. Ким каршы болсо ошол адам ОЗУ кылмышкер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан