Биометрикалык маалыматтарын тапшырган калктын саны дээрлик 112 миңге жетти

Кыргызстанда дээрлик 112 миң адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-октябрдан 18-ноябрга чейин Бишкек шаары боюнча 42 918 адам биометрикалык маалыматтарын каттаган. Коргоо министрлиги жана "Тез жардам" кызматында биомаалыматтарды чогултуу иш-чаралары аяктады. Бүгүнкү күнү Бишкектин мэриясында жана Свердлов райондук администрациясында бул иш-чаралар уланууда.

Өлкөнүн аймактары боюнча 10-18-ноябрь аралыгында 68 988 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырып, жалпы республикада бул көрсөткүч 111 906га жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан