22-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында дүйнөгө түрк тилин жана адабиятын тaанытуу максатында иш-чара уюшулуп, анын алкагында “Түрк дүйнөсү – түрк тили” наамы ыйгарылат. Өз элинин үрп-адаттарын жайылтууга жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн 5 адамга бул сыйлык берилмекчи. Кубандырганы, алардын арасында Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов да бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Түркиядагы кыргыз журналист Нурланбек Карыпбай уулу билдирди.
Анын айтымында, жазуучу Кеңеш Жусупов учурда бул иш-чарага катышуу үчүн Стамбул шаарына барган.
Кошумчалай кетсек, Кеңеш Жусуповдон тышкары бул сыйлык венгриялык Имре Баски, кытайлык Мирсулан Осмон, германиялык Проф Петер Зиеман жана япониялык Масахиро Шогаитого да тапшырылат.