Ош. Тышкы миграцияны азайтуу максатында окуучуларды жергиликтүү ишкананын иши менен тааныштыруу иш-чарасы болду

Бүгүн, 19-ноябрда Ош шаарындагы №21-орто мектебинде окуган бүтүрүүчү класстын окуучулары жана Ноокат районунун кесиптик лицейинин студенттери Ош шаарындагы “Ак таш” кыш заводун кыдырып, анын иши менен таанышып чыгышты. Мындай демилгени “Тобокелсиз эмгек миграциясы” маалымат компаниясы көтөргөн. Мектеп окуучуларына окууну бүткөндөн кийин иштейбиз деп чет өлкөгө чыгып кетпестен, Кыргызстанда деле иштесе болору, бизде да ишканалар бар экендиги жана чет жерде деле мекендештер ушундай жумуштарда иштээри айтылды. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуучулар аталган ишканада канча жумушчу иштей тургандыгын, эмгек акысынын суммасын, бош орундардын бар-жогун билүү максатында жетекчилигине суроолорду узатышты. Азыркы күндө аталган заводдо 100дөй жумушчу иштеп, 15 миңден 30 миң сомго чейин айлык акы алышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ruslan_92kg
2014-11-19 21:41:31
Жакшы экен 30минге чейин жетсе.
0
AZIK01
2014-11-20 01:26:49
"Ак таш" та эмес, Оштун чекесиндеги ушундай кыш заводдо иштегенбиз, каникул ичи. Бирок, маянасы 30 миң эмес, 15 миңге чейин. Иштеген ишине карап төлөй берет. Жайдын ыссыгында куйкаланып каласын. Иштесе болот. Мектеп окуучулары да иштейт. Аял, эркегине деле иш бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан