Ош. Мектептерде ВИЧ-СПИД илдеттеринин алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат

Кечээ, 19-ноябрда Ош шаарындагы №22-орто мектепте ВИЧ-СПИД илдеттеринин алдын алуу боюнча жогорку класстын окуучулары билген маалыматтарын сахналаштырып көрсөтүштү. Анда аталган эпидемиянын жугуу жолдорун, андан кантип сактанууну, өтө коркунучтуу жана айыккыс илдет экендигин айтып беришти. Ошондой эле бардык класстын окуучулары сергек жашоого үндөгөн ден соолук бурчтарын, дубал гезиттерин даярдашты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 1-ноябрдан баштап Ош шаарындагы бардык мектептерде ВИЧ-СПИДдин алдын алуу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлдү. Ага калаадагы СПИД борборунун, Шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Шаардык билим берүү башкармалыгынын жана аймактык кеңештин Жаштар комитетинин өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан