Ош шаары жана Ош облустарынын мектептеринде Кыргызстандагы көп тилдүү билим берүүнү киргизүүнү колдоого багытталган семинар-тренингдер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Мектепте көп тилдүү билим берүү программасын пландоо жана ишке ашыруу» семинары 17-ноябрдан 19-ноябрга чейин Ош шаарында өттү. Мындан ары мектептерди методикалык колдоо үчүн көп тилдүү билим берүү борборун түзүү пландалды. Семинарды көп тилдүү билим берүү программасын киргизүү боюнча даярдык алган мугалим-машыктыруучулар өткөрүштү. Катышуучулар облустагы ар кайсы райондун мектептеринен жана Ош шаарынын №8, №17, №39-мектептеринен болду.
Ал эми ушул багыттагы семинар 21-22-ноябрда «Мектепте көп тилдүү билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүү» деген темада өтүп, ага райондук, шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр катышмакчы.