КРнын Мамлекеттик салык кызматы айрым салык төлөөчүлөр өз учурунда автоунаага, турак жай, кыймылсыз мүлккө жана жер салыгына салыктарды төлөөгө жетишпей калышканына байланыштуу аларды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин жылдын аягына чейин аткарууга чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда унаага, турак жай, кыймылсыз мүлккө жана жер салыгына салыктарды чогултуу жүрүп жатат. Бул учурда салыкты өз маалында төлөбөгөндөр негизги суммадан сырткары 2 миң сом өлчөмүндөгү айып пул жана мөөнөтү өткөн ар бир күнгө туумдарды төлөөгө мажбур болушат. Андан ары салыктарды кыянат төлөбөөчүлөр боюнча иштер мажбурлап өндүрүү үчүн сотторго берилет. “Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында унааларга жана үй жанындагы, короо жанындагы жана бакчачылык-чарбак жер тилкелерине жер салыгын, 2-сентябрда турак жай кыймылсыз мүлк (үйлөр, батирлер) салыгын төлөөнүн мөөнөтү аяктаган” деп айтылат маалыматта.