Борбор калаада авиация кызматкерлери митингге чыгышты

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында авиация кызматкерлеринин митинги өтүүдө. Ага 40ка чукул адам катышууда. Алардын талабы - авиация кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатуу. Айтымдарында, Кыргызстанда пенсияга чыккан кызматкерлердин 70 пайызы 8 миң сомдон төмөн пенсия алышат. "Бул тармакта иштегендердин пенсиясына кошумча акча каражат иштеген мөөнөтүнө карата которулушу керек. Мыйзамда бул тууралуу карама-каршы жазылган. Президент жана өкмөт аппараттарына кайрылсак, эч кандай аракет болгон жок. Адистер пенсияга кошумча каражатты жогорулатуу механизмин иштеп чыгышы керек",- дешти алар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан