Жалал-Абадда токойлорду сактап калуу жана токой көчөттөрүн отургузууну колго алуу талкууланууда

Жалал-Абадда "Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак мөмөлүү токойлордун биотүрдүүлүгүн коомчулук менен биргеликте сактоону күчөтүү” долбоорунун аткарылышы боюнча тегерек стол өтүп жатат. Ага “Лесик – Түштүк” коомдук экологиялык бирикмеси, “Арстанбап-Ата” токой пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү катышууда. Бул тууралууЖалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарада негизинен токойду сактап калуу жана токой көчөттөрүн отургузууну колго алуу керектиги талкууланууда. “Лесик-Түштүк” коомдук экологиялык бирикмесинин аткаруучу директору Рысбек Аккеншаев: “Учурда токойду канткенде сактап, аны коргоого алуу керек деген өңдүү жана жаңы көчөт отургузуу көйгөйлөрү турат. Токой кызматкерлеринин айлык акысы абдан төмөн болгондуктан, бүгүнкү күндө токой багытында сабаты начар кызматкерлер менен иш алып барганга мажбур болуудабыз. Токой – калкыбыздын байлыгы. Ошондуктан калк арасында түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп туруу керек”,- деди. Тегерек стол Жалал-Абад шаарындагы “Кыргызстан” кафесинде, 130га чамалаш токой тармагындагы кызматкердин катышуусунда өтүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан