Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги №93-орто мектепте пилоттук мультимедиялык класстын ачылышы болду. Бишкек шаардык мэриясы менен “Самсунг электроникс” компаниясы "Samsug Smart School" долбоорунун алкагында ишке ашырган "акылдуу" класстын ачылышына шаар мэри Кубанычбек Кулматов, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулова жана жогоруда аталган компаниянын Борбордук Азиядагы филиалынын директору Чой Сын Сик катышты.
Мектептин кызматкерлери билдиргендей, мектепке 21 планшет, ноутбук жана интерактивдүү такта (доска) тапшырылды. Бул каражаттардын бардыгы өз ара туташтырылган жана окуучулардын тез арада маалымат алмашуусун камсыздайт. Иш-чаранын жүрүшүндө коноктордун катышуусунда атайын сабак өтүлдү. Жаңы технологияны пайдалануу менен өтүлгөн сабакка көз салып отурган мэр К.Кулматов бул билимдин сапатына оң таасирин тийгизерин айтты.