"Буга чейин абактардан кылмышкерлердин качуу фактылары болуп келген. Бул жаңы салынган абактан бир да кылмышкер кача албастыгына мен кепилдик берем",- деп билдирди бүгүн, 20-ноябрда Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жаңы абактын ачылышында Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө 200дөн ашуун өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкер бар. Бирок, тилекке каршы, алардын саны жыл санап өсүүдө. Ачылып жаткан жаңы абак Кыргызстандагы алгачкы өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулган мекеме болуп саналат. Буга чейин оор жана өтө оор кылмыш жасаган кылмышкерлер ар кайсы түзөтүү мекемелеринде 50дөн, 100дөн бөлүнүп жазасын өтөп келишкен. Жаңы абакка 60 жашка чейинки өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер жана "террорчулук" беренеси боюнча эркинен ажыратылгандар жайгаштырылат. Мыйзамга ылайык, аял кишилер жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр өмүр бою эркинен ажыратылбайт, ошол себептен улам бул жакта жалаң эркектер болот”,- дейт С.Арбаев.
Анын айтымында, 200 кылмышкерди кайтарууга 100гө жакын атайы кызматкер керек. Кайсы күнү алар аталган мекемеге бөлүнүп берилсе, ошол күндөн баштап абак ишке берилмекчи. Учурда аталган абактын биринчи корпусунун курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Ошол эле абактын жанында дагы бир корпусунун курулушу пландалууда, бирок азырынча ага каражат жок. Эгер ал да курулса, аталган абак 500дөн ашуун өмүр бою эркинен ажыратылгандардын баш калкалоочу жайы болот.
“Ар бир камеранын ичинин аянты 18 чарчы метрди түзүп, ага 4 кылмышкерден жайгаштырылат. Күнүгө алар мекеменин ичинен 1,5 сааттан сейилдөөгө атайын жай курулган, ал 4-кабатта жайгаштырылды. Алардын үстүнөн биздин кызматкерлер көзөмөлдөп турушат”,- дейт С.Арбаев.
Белгилүү болгондой, абактын курулуш иштери 2007-жылы башталып, анын курулуш иштери 7 жылга созулду. Ага жалпы 347 миллион сом сарпталган. Абактын ачылышына тиешелүү мекеме жетекчилери, журналисттер катышты.