20-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 935 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27,95 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 196 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 194 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 596 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 573 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 20-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 179 миллион метр кубду түзгөн.