Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Башкы прокуратуранын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу 20-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага шаар мэри Кубанычбек Кулматов катышып, прокуратура кызматкерлерин куттуктады. "Укук коргоо системиндеги маанилүү бөлүм болуп прокуратура эсептелет. Алар жарандардын кызыкчылыгын коргоп, коомчулукта тартипти, туруктуулукту орнотууга салым кошушат",- деп катышуучулардын ишине ийгилик, ден соолук, үй-бүлөлөрүнө тынчтык каалап өттү.
Кызматында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге Бишкек мэриясы тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле мэрия тарабынан прокуратурага 200 миң сомдук сертификат берилди. Саамалыктын соңунда концерттик программа тартууланды.