Казакстандагы Агротехникалык университетте өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталган “Нурсултан” аттуу клуб негизделди. Ага азыркы күндө Нурсултан аттуу 60 жигит катталган. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Аталган клубдун түптөлүшүнө жергиликтүү бизнесмен Габит Халикулы аттуу жаран демөөрчүлүк көрсөткөн.
“Биздин чоң аталарыбыз, аталарыбыз президентибизге ишенич артканы үчүн балдарынын аттарын өлкө башчынын ысымы менен Нурсултан деп аташкан. Эми чоң аталарыбыздын балдары жана неберелери президентибизге үмүт артып, ага ишенич көрсөтүүдө. Демек, биз ал ишеничти иш менен колдошубуз керек”,- дейт Г.Халикулы.
Белгилүү болгондой, Казакстанда Биринчи президенттин күнү белгиленет, ал майрам 2011-жылы негизделген. Аны казакстандыктар 1-декабрь күнү белгилеп келишет. Азырынча “Нурсултан” аттуу клуб кандай иш-чаралар менен алектенери белгисиз.