Сауд Арабиясынын бийлиги айымдар арасында сулуулук сынактарын өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, буга чейин бир нече айымдардын тобу сулуулук сынагын өткөрүүгө аракеттенишкен. Ага уюштуруучу топ тарабынан 17 жаштан 27 жашка чейинки айымдар катышып, алардын арасынан "Мекке сулуусу" тандалат" деген жазуулары бар баракчаларды көчөдө таратышкан.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө зер буюмдар, ал эми катышуучуларга баалуу белектер тапшырылмак болгон. Ал эми иш-чараны Мекке шаарындагы ири конок сарайлардын биринде өткөрүү пландалган. Бирок ага бийлик жетекчилиги каршы чыгып, мындай сынактарды өткөрүүгө биротоло тыюу салды. Ошондой эле андай сынактар шарияттын негиздерине туура келбегендигин баса белгилешти.