"Шаардын башкармалыгын борбордон ажыратуу башталды",- деди бүгүн, 20-ноябрда Велосипед айдоочулардын ассоциациясы менен жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов.
Анын айтымында, жарандар өз көйгөйлөрү менен райондук акимчиликтерге кайрылганда эч кандай жардам ала албай калышууда. "Бардык маселелерди мэрия чече турган болуп калыптыр. Биз мындай терс көрүнүштү бузуп жатабыз. Бийликти райондук башкармалыктарга берүү башталды десем жаңылышпайм. Туура башкаруу тартиби орнотулууда. Бул жакшы нерселерге алып келерине ишенем",- деди мэр.