Борбор калаада мыйзамсыз курулуштарды токтотуу уланууда. Бул тууралуу 20-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти шаардын Щербаков көчөсү-239 дарегинин жашоочулары тиешелүү документтерсиз, мыйзамсыз 16х3 м өлчөмдөгү дубал куруп алышканын аныкташкан. Аталган даректин ээсине Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан 11.07.2014-жылдын №0247-токтомунун негизинде табылган эреже бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү берилип, протокол түзүлгөн. Биринчи Май райондук сотунун токтому менен курулуш ээси Сарчалова Бурулга 10 000 сом өлчөмүндө айып чегерилип, короону өз ыктыяры менен бузуу милдеттендирилген. Азыркы учурда тосулган дубал алынып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.