Күз айларындагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жугуштуу суу чечек оорусунун өрчүп кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бир нече иш-чараларды бекитти. Анда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине жугуштуу оорулардын жугуп калуу коопсуздугун күчөтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү зарыл экендиги белгиленди. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ата-энелерге жана тарбиялануучуларга “Суу чечек жана анын алдын алуу” деген темада аңгемелешүү уюштуруп, балдар бакчасына келбей калган баланын ата-энеси менен байланышып, ооруп калуу себептери болсо, тез арада үй-бүлөлүк дарыгерлерге кабарлоо керек. Оорунун алдын алуу максатында ар бир мектепке чейинки мекемелерде санитардык бюллетендерди чыгаруу талап кылынат.
Бул иш-чара Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун жиберген эскертмесинин негизинде жүрүп жатат.