Бишкектин мэри велосипед тебилүүчү жолдорду сызыктар менен белгилөө үчүн 3 тонна боёк бөлүнгөнүн айтты

"Айдоочулар бирин-бири сыйлабай калганы кейитет. Силер өз укугуңарды коргоп чыкпасаңар, мындай терс көрүнүш улана берет",- деп кайрылды Велосипед тебүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүнө Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов.

Кечээ, 20-ноябрда өткөн жолугушууда борбор калаада велосипед тебүүчүлөр үчүн жолдорду белгилөө боюнча долбоор талкууланды. "Унаа жолдорун капиталдык оңдоо иштери баштала электе жөө жүрүүчүлөр өтчү тротуарларды велосипед тебүүчү адам менен кагышып кетпесин деген ниет менен кеңейтүүгө аракет кылабыз. Токтогул көчөсүнүн тротуарын 3,3 метр кылдык",- деди Кулматов.
"Бир курулуш ишканасы жолдордогу сызыктарды белгилөө үчүн 3 тонна боёк бөлүп берген. Жазында велосипед тебүүчүлөр үчүн сызыктарды белгилөөгө бардыгыңыздарды чакырам. Жалпысынан борбор калаада 10 чакырымга чукул велосызыктарды белгилеп чыгуу пландалууда",- деп кайрылды иш-чаранын катышуучуларына мэр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taku0214
2014-11-21 09:01:07
Машина откон жолдун четинен чийсе жакшы болот эле. Тротуарда элди аралап велосипед тебиш ынгайсыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан