Борбор калаада мыйзамсыз курулган гараж алынып салынды

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган гараж алынып салынды. Бул тууралуу 20-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбордогу Карагай көчөсү-57 дарегинде жашаган Малик Розыбаев 3,25х8,2 м өлчөмүндөгү мыйзамсыз гараждын курулушун жүргүзүп жана 4,6х3,1 м өлчөмүндөгү темир тосмо менен муниципалдык жердин эсебинен тосуп алган.

Гараждын ээсинде курулушка тиешелүү уруксат документтери болгон эмес. Аталган мыйзам бузуучуга алып салуу жөнүндө департамент тарабынан эскертүү берилген. Коюлган талапты аткарбагандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти административдик протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жиберилди. Азыркы учурда үй ээси өз ыктыяры менен гаражды бузуп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан