Орусиялык саякат боюнча журналдардын бири жыл жыйынтыгын чыгарып, Москва шаарында 20-ноябрь күнү жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи
н өткөрдү. Белгилүү болгондой, Израиль менен Вьетнамды артка калтырып, "Ден соолукту чыңдоо жана эс алуу" номинациясында Ысык-Көл биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, онлайн добуш берүүгө 230 миңден ашуун адам катышкан. "Ден соолукту чыңдоо жана эс алуу номинациясында биз сүйгөн боордош Кыргыз Республикасы жеңүүчү деп табылды",- дейт уюштуруучулардын бири М.Подбрабинек.
Ал эми КРнын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов: "Добуш берген окурмандарга ыраазычылык билдиребиз. Биздин өлкө чындыгында эле кооз. Кошумчалай кетсем, мурун космонавттар ден соолугун калыбына келтирүү үчүн Ысык-Көлгө келишчү",- деди.
Ал эми "Кумдуу жээкте эс алуу" номинациясында Греция биринчи орунга чыкты. Ошондой эле "Экскурсиялык эс алуу" - Италия, "Кышкы эс алуу" - Австрия, "Экологиялык эс алуу" - Жаңы Зеландия, "Орусиялык туризм" - Тоолуу Алтай, "Экзотикалык эс алуу" - Гренландия, "Дүйнөнүн мыкты аэропорту" - Дубайдагы эл аралык аэропорт жана "Укмуштуу окуяларга бай эс алуу" номинациясында Непал алдынкы орунду ээледи.