Ысык-Көл облусунун район, шаар жетекчилери тийиштүү тармактар боюнча жасалып жаткан иштердин жыйынтыгы боюнча атайын жыйын өткөрүштү. Ага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков катышты. Бул тууралуу 21-ноябрда облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун район-шаарларындагы салык жыйноо жана айыл чарба өндүрүш тармактары боюнча активдүү иш алып баруу тапшырмалары берилди.
Ошондой эле статистика менен айыл аймак башчылары биргеликте тийиштүү деңгээлде иш алып барбай жатканы айтылып, айыл аймак башчылары үчүн экономика, өндүрүш боюнча статистикалык маалыматтарды берүү боюнча атайын окуу уюштуруу керектиги баса белгиленди.
Акылбек Жаныбеков жыл жыйынтыгын чыгарууга аз убакыт калгандыктан, өндүрүш, кайра иштетүү өңдүү маселелер боюнча аймакта иш алып баруу боюнча тапшырмалар тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатканын айтып: “Облусубуздун социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн аткарылып жаткан иш-аракеттер айыл аймак башчыларынын аткарып жаткан иштеринен көз каранды”,- деди.