Бишкектеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн бош орундар жарманкесине 680 адам катышты

Бишкектеги бош орундар жарманкесине 680 адам катышты, алардын 420сы майыптар. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарманкеге 680 адам катышып, кайрылгандардын арасынан 420 адам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болгон. Алардын ар бирине кеңештер берилип, мүмкүнчүлүктүү жумуштар, үйрөнүүлөр жана кайрадан окутуулар сунушталды. Ошондой эле жарманкеге жалпысынан калктын аталган категориясын кабыл алууга макулдугун берген 63 жумуш берүүчү катышты.

Бош орундар жарманкесине борбор калаадан 4 миң бош орун чогулган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ар түрдүү чөйрөдө 1000 орун бар экени белгилүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан