Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад шаарында “Жашылдандыруу, көрктөндүрүү чарбасынын” кеңсесинин ачылышы болду. Буга чейин бул мекеменин өзүнүн имараты болгон эмес. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, шаардык мэриянын, депутаттардын колдоосу менен шаардык бюджеттин эсебинен 3 миллион 260 миң сом акча каражаты каралып, мекеменин кеңсеси бүткөрүлүп, бүгүнкү күндө колдонууга берилди.
"Жашылдандыруу, көрктөндүрүү чарбасынын" башчысы Рахманкул Жумабаевдин айтымында, бул мекемеде 36 жумушчу эмгектенет. "Жазга карата планга 3-4 долбоорду киргизип, ошолор менен иштешебиз. Буюрса, жашыл шаар кылганга аракет кылабыз. Андан тышкары шаардын айрым көчөлөрүн жашылдандырып, газон кылып, гүлдөрдү отургузуп, отургучтарды орнотобуз. Ал эми кышында кар күрөп, жөө жүрүүчүлөр жүрүүчү жолдорду тазалайбыз",- деди ал.