6-февралда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында орус драматургу Алексей Арбузовдун “Эски модалуу комедия” пьесасынын негизинде жаралган «Мен сага өмүр бою келе жаткам...» («Я всю жизнь шла к тебе...») аттуу кайрымдуулук спектакли коюлат. Бул иш-чарага шаардагы карылар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары катышат.