20-ноябрга карата Кыргызстандын 178 151 жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 19-ноябрга карата 31 672 адам биометрикалык каттоодон өтсө, 20-ноябрга карата 34 466 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырган.
“Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарында биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттары көбөйтүлдү. Ошондой эле Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча кошумча пункттар уюштурулат” деп айтылат маалыматта.
Аталган мекемеден билдиргендей, учурда Нарын облусунда 22 384 адам каттоодон өтсө, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны Талас облусунда 16 933 адам, Ысык-Көлдө 7793, Жалал-Абад облусунда 16 933, Ош облусунда 39 553, Чүй облусунда 22 384, Баткен облусунда 11 983, Бишкек шаарында 47 651 жаран каттоодон өтсө, Ош шаарында 14 114 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырган.