24-ноябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

24-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Панфилов, Жибек Жолу көчөлөрүндө №641-трансформаторун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Ошондой эле Славянский, Будённый, Курманжан датка, Карпинский, Токтогул, Манасчы Сагымбай, Ахунбаев, Бектенов, Кара-Дарыя, Матросов, Скрябин, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнө, Ак-Буура, Сумск жана Ясенск тар көчөлөрүнө, Туюк, Матыев, Гагарин, Некрасов, Шиш-Төбө, Жамгырчиев, Месарош, Троицкий, Власов, Патрис Лумумба, Очаковская, 9-январь, Брестский, Владимирский, Дэн Сяопин, Волков, Садыгалиев көчөлөрүнө, Ильменский жана Төмөнкү тар көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка (түндүк бөлүгү), Бирлик, Октябрь, Виноградное, Полевое, Прибойное, Кырман, Учкун, Лебединовка, Маевка, Садовое, Аламүдүн, Таш-Дөбө, Бер-Булак, Байтик, Арчалы, Көк-Жар айылдарында, Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында, Сосновка айылында, Москва районуна караштуу Беловодск, Александровка айылдарында электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayjamal83
2014-11-21 18:07:23
Ar birinchi (duyshombu) kun sayun maevkada svet ochot saat 10 don 16.30 ga cheyin, bul adat 1 aydan beri bolup atat.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан