Ошто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо максатында бир айлык жарыяланды

Ош шаарынын аймагында 3-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата аларды колдоо, жардам берүү максатында бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бир айлыктын алкагында калаадагы материалдык колдоого муктаж, турмуш шарты оор майып жарандарга ар тараптан колдоо көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, социалдык тармактарда эмгектенген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жактан жардам берилет.

“Бул кезге чейин да балдар үйүнүн тарбиялануучуларына мэрдин жеке фондунан ар тараптуу жардам көрсөтүлүп келген болсо, бул жолу майыптар колдоо алышат” деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 7 миңден ашуун. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан