Бишкектин 12-кичи районунан "Дордой" базарына чейин велосипед жолун куруу пландалууда

Бишкек шаарынын 12-кичи районунан баштап "Дордой" базарына чейин велосипед жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, мэр Кубанычбек Кулматов Велосипедчендер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугуп, жолдун долбоору тууралуу баарлашты. Мэрдин билдиришине ылайык, жолдун эскиздик долбоору даярдалып бүткөн. Азыр жумушчу планды түзүп, акырындык менен ишти жүзөгө ашыруу башталмакчы.

Веложолдун узундугу 10 чакырымды түзүп, 12-кичи райондон "Дордой" базарына чейин созулмакчы. 

Басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган долбоордун негизги максаты велосипедчен жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү жана велотуризмди колдоо болуп саналат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mayrambek.Kalpakov79
2014-11-21 18:56:23
Жакшы тилек жарым ырыс демекчи жакынкы жылдары ишке ашса экен.
Мен бул жолдун бутушун чыдамсыздык менен кутом. Себеби мен озум Дордойдо иштейм,анан калса жаратылышка ден соолукка,дегеле санап олтурса баардык жагынан пайдалуу экен. Шаарыбызда унаа иыгын
0
Mayrambek.Kalpakov79
2014-11-21 19:02:36
Унаа тыгын бир аз болсо дагы азаймак.
Бирок ким билет, баягы эле оздорун куркул (крутой) сезгендер ошол жолго унаалары менен чыгып алып ангектен качсан донгокко дегендей велотыгын жаратабы деп дагы ойлоп кетет экенсин. Иши кылып биринчи ишке ашсынчы анан калганын коро жатаарбыз.
0
Esenbekova
2014-11-21 20:57:20
Жакшы иш кылышат. Пайдалуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан