Парламентке өтүш үчүн шайлоочулардын добушунун керектүү санынын жогорулатылышы талкууланды

Бүгүн, 21-ноябрда партияларга парламентке өтө турган республикалык босогону 7 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Иш-чарада КРнын Президентинин аппаратынын башчысы Данияр Нарымбаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Дастан Догоев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Анын жүрүшүндө Д.Нарымбаев: "Биз эсептеп чыккан көрсөткүчтөргө таянсак, шайлоого катышкандардын 10 пайызы бардык шайлоочулардын 5,92 пайызын түзөт. 2010-жылы Жогорку Кеңешке өтүш үчүн партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 пайызына жетүүсү керек болчу. Эми 2015-жылы шайлоодо добуш бергендердин 10 пайызы шайлоочулардын жалпы санынын 5,92 пайызын түзмөкчү. Демек, партиялар үчүн босого 0,92 пайызга өстү. Ошондуктан мындай өзгөрүү саясий партияларды коркутпашы керек",- деп билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан