Бишкек шаарында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткандар үчүн гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттары ачылды. Алар шаардагы 4 райондук администрациянын имаратында жайгашкан. Аталган пункттар гуманитардык жардамдарды 25-ноябрга чейин саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Пункттардын даректери жана байланыш номурлары:
- Жибек-Жолу кең көчөсү-348 дарегиндеги Биринчи Май райондук администрациясы, Акунов Апсамат, телефон номерлери: 62-11-56, 0771 40-38-41;
- Чүй кең көчөсү-315 дарегиндеги Ленин райондук администрациясы, Махмудов Рустам, телефону: 65-69-03, 0773 79-34-19;
- Байтик баатыр-17 дарегиндеги Октябрь райондук администрациясы, Ырсалиев Назар, телефону: 57-79-53, 0555 65-89-93;
- Чүй-28 дарегиндеги Свердлов райондук администрациясы, Борбашева Чынара, телефону: 36-01-15, 0772 00-87-88.
Бишкек шаардык мэриясы жарандарды гуманитардык жардам чогултууга активдүү катышууга чакырат. Тоң районунун тургундары жылуу кийимдерге, азык-түлүк жана курулуш материалдарына муктаж.