Кечээ, 21-ноябрда Ош шаарындагы №52-мектепте шаардагы мектеп окуучуларынын арасында өткөн “Окуучунун жол көйгөйү” аттуу сынакта Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу борборунун жетекчиси Н.Курбанбаев жолдогу бир топ көйгөйлөрдү моюнга алды. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
“Маршруттардын айдоочулары окуучулардан жол акыны көбүрөөк алып койгон учурлары болуп жаткандыгын, же "балдарды батпайсыңар, жол акыны арзан төлөйсүңөр" деп албай койгон учурларын окуучулар азыр өздөрү көрсөтүп жатышат. Чындыгында эле мындай көйгөйлөр болууда, биз айдоочуларга эскертүү берип жатабыз. Дагы ушундай маселелер жаралса тезинен бизге кайрылыңыздар, сиздер менен биргеликте, сиздердин жардамыңыздар менен мындай көрүнүштөрдү болтурбоого аракет кылабыз”,- деди иш-чарада Н.Курбанбаев.
Аталган сынакта окуучулар мектепке барып-келүү убагында туш болгон маршруттук каттамдарда адамдардын батпай жатышын, кичи автобустардын албай кетип калышын жана айрым учурда жол акыны кымбат алып койгондугун сахналаштырып, кошумча бул көйгөй боюнча өздөрү даярдаган видеотүрмөктөрдү көрсөтүштү. Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, Ош шаарында окуучуларга иш күндөрү жол акы 1 сом, эс алуу күндөрү 4 сомдон алынат. Шаарда жүргүнчүлөрдү тейлеген жалпы 600дөй кичи автобус бар.