ӨКМнын басма сөз кызматы 22-ноябрда тараткан шашылыш билдирүүгө ылайык, 20-ноябрдан 25-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы - премьер-министрдин 2014-жылдын 20-ноябрында №21-буйругу чыкты.