Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 788 миллион метр кубду түзүүдө

24-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 788 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 28,2 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 174 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 194 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 574 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 612 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 24-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 574 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aika96
2014-11-24 13:07:58
Тушунуксуз?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан