Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарында КРнын баңгизат колдонуучуларынын биринчи улуттук форуму өтүүдө. Иш-чарада Кыргызстанда зыянды төмөндөтүү боюнча программалардын стандарттары, өлкөдөгү эл аралык уюмдардын жыйынтыктары, пландар боюнча долбоорлор талкууланмакчы.
Бул форум Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүгүү" программасы, СПИД, сасык тумоо жана малярия менен күрөшүү боюнча дүйнөлүк фонд тарабынан өткөрүлүүдө.
Айта кетсек, аталган иш-чарага чакырылган Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт жетекчилери, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү келген жок.