Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандагы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч менен 22-ноябрда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, азыркы учурда мечиттин курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Муфтий жана Орхан Генч Бишкектеги чоң мечиттин курулушу жана алдыдагы жасала турган иштери менен таанышышты. Орхан Генч мечит 2016-жылы пайдаланууга берилерин жана кыргыз элине түрк элинин чоң белеги боло тургандыгын, тарыхтан калыптанып келген иш тажрыйбаларынан муфтият менен бөлүшүп иш алып бара тургандыктарын билдирди.
Максатбек ажы Токтомушев өз сөзүндө курулуп жаткан борбордук мечиттин башкы планынын негизинде эки тарап бири-бири менен кеңешип жасай турган иштер бар экендигин белгиледи.