Москвада кыргыз тили боюнча олимпиада өттү

Москвада 22-ноябрда кыргыз тили жана азербайжан тили боюнча олимпиада болуп өттү. Иш-чараны Москва мамлекеттик лингвистикалык университети Кыргыз Республикасынын жана Азербайжандын Орусиядагы элчилигинин катышуусунда уюштурду. Бул тууралуу 24-ноябрда элчиликтен билдиришти. 

Олимпиадага Москвадагы мектептерден 30дан ашуун окуучу катышты. Кыргыз тили боюнча угуу, лексика, грамматика, окуу жана "Мен Кыргызстан жана кыргыздар жөнүндө эмне билем?" аталышындагы суроо-жооп болуп өттү. Катышуучулардын баары сертификат алышты. Бардык материалдар текшерилгенден кийин жеңүүчү аныкталат. 

Эске салсак, олимпиада Москвадагы диаспоралардын тили жана маданияты боюнча жалпы жана орто кесиптик билим берүү жайларында окугандар үчүн өткөрүлөт. Аны Шаардык билим берүү департаменти колдоого алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kama_future_millioner
2014-11-24 16:30:00
Эң жакшы
0
ak-buura
2014-11-25 03:23:40
Бирок Кыргызстандачы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан