Бишкекте бүгүн, 24-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында дин кызматкерлерин аттестациялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Иш-чараны муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштап: “Мусулман баласы күн сайын аттестациядан өтүп турушу керек. Алла Таала адамзатын сыноо үчүн жараткандан кийин, илимде, адеп-ахлакта, руханий баалуулуктарда, Аллага жакындыкта биз күн сайын Жаратканга жакындап, анын буйруктарын аткарып, эл-журтка кызмат кылып, мамлекетибиздин тынчтыгына жана туруктуулугуна салым кошконго аракет кылып турушубуз зарыл”,- деди ал.
Маалым болгондой, бүгүн аттестациялоо иши Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан башталса, мындан ары этап-этап болуп, казыяттар, райондун имамдары, айыл имам-хатибдери жана имамдар бул сынактан өтүшөт.
Аттестациялык сынакка алгачкылардан болуп муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов кирди.