Бишкекте бүгүн, 24-ноябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын катышуусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча жыйын өтүүдө. ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган жыйынга ыйгарым укуктуу органдардын эксперттери, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Кыргызстан, Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Ал эми Азербайжан, Армения, Грузия өлкөлөрүнөн келген адистер байкоочу өкүл катары катышууда.