Борбор калаанын санитардык абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 24-ноябрда билдирди. 

Рейддин жүрүшүндө Улан-2 кичи районунда жайгашкан үйлөрдүн аймагы антисанитардык абалга жеткени аныкталды. Тиричилик таштандылары баш аламан чогулуп, санитардык нормалар жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери көзөмөлдөнгөн эмес. Ошондой эле курулуш таштандылары белгиленбеген жерлерге баш аламан ташталганы белгилүү болгон.

Жыйынтыгында Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Ак-Тулпар” ЖЧКнын директорунун орун басары А.Ю.Байхамбаевдин атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
M89
2014-11-24 17:52:54
Жаны мэр келгенден бери Бишкек каралбай калды!Бул
ле эмес, башка да аймактарды карап, текшеришсе тонна таштандылар чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан