Бишкекте мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Бишкек шаарынын мэриясынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым имараттарында оңдоп-түзөө, кайрадан куруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу 24-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбордогу 6-кичи район, №19/1-дарегинде жайгашкан №56-башталгыч мектептин имаратынын багытын өзгөртүү, кайрадан куруу чечими чыгарылды.

Ошондой эле Октябрь районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын мектепке чейинки имараты жана Молодёжный (Шакиров) көчөсү, №9-дарегинде жайгашкан Биринчи Май районунун мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан