Ош мамлекеттик университети Лейлектеги №3-эксперименталдык гимназия-мектебине техникалык жардам көрсөттү

Ош мамлекеттик университети Лейлек районундагы новатор, жаңычыл, көрүнүктүү изденгич мугалим Гапыр Маданимовдун №3-эксперименталдык гимназия-мектебине белек жөнөттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Гапыр Мадаминов өз демилгеси менен ачкан Баткен облусунун Лейлек районундагы №3-гимназиянын директору болуп иштеп, ал мектептердеги бир топ көйгөйлөрдү чечип, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, ушул көйгөйдөн чыгуу максатында элет жеринде өз демилгеси менен гимназия, лаборатория ачып, педагогикалык эксперимент жүргүзүп, анын натыйжалуу болорун далилдөөнүн үстүндө эмгектенип келет. Балдарга билим берүүдө бир топ маселелердин үстүндө иш алып барып келе жаткан Гапыр Маданимовдун №3-эксперименталдык гимназия-мектебине ОшМУ бүгүнкү заман талабына ылайык, балдарга билим берүүгө салым кошуучу электрондук такта, компьютер, проектор белекке берди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан